28
Март
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кытай Өкмөтүнө гуманитардык жардам жана колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирет
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кытай Эл Республикасынын Covid -19 коронавирусуна каршы күрөшүү боюнча кошкон салымына жана күч-аракетине жогору баа берип, оор учурда берген гуманитардык жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.
Белгилей кетсек, Covid -19 коронавирусунун жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалда Өкмөт кыргыз тарапка тест-системасы жана реагенттер, тиешелүү медициналык жабдуулар, медицина кызматкерлери үчүн коргоочу каражаттар, ошондой эле санитардык-дезинфекциялоо багытында колдонуучу каражаттар жагынан гуманитардык жардам берүү жөнүндө Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө кайрылган.
Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүү жаатында тажрыйба алмашуу үчүн медицина эксперттерин жөнөтүү өтүнүчү билдирилди.