27

Июнь

2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын айрым кызматкерлеринен COVID-19 аныкталды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлеринен COVID-19 вирусунун бар-жогун текшерүү үчүн анализ алынган. 

Анализдин жыйынтыгы боюнча 26 кызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталды. Эки күн мурда 11 адамдын инфекцияны жуктургандыгы аныкталган, кайрадан алынган анализдин жыйынтыгы боюнча дагы 15 кызматкер илдетке кабылгандыгы белгилүү болду. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Артем Новиков жана Премьер-министрдин жардамчысы бар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси Таалайбек Темиралиев байланышта болгон адам катары учурда обочолонууда. 

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык алар үй карантининде жана тиешелүү дарылануудан өтүшүүдө. Алардын көпчүлүгүндө оорунун белгилери билинбей өтүп жатат. Ошондой эле алар менен байланышта болгон адамдар аныкталган.

Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлеринин көпчүлүк бөлүгү аралыктан иштөөнү улантышууда.