02
Ноябрь
Урматтуу маданият кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктап, Сиздерге жаңы ийгиликтерди, жаркын маанай тартуулаган жакшылыктарды каалаймын.
Байыртан берки улуттук көрөңгөсүн улантып келе жаткан, өз алдынчалыгы, кайталангыстыгы менен айрымаланып турган улуу маданий мурастарыбызды көздүн карегиндей сактап, эл арасында кеңири жайылтып, мындан ары өнүктүрүү иштеринде сиздер эбегейсиз зор эмгек жасап келе жатасыздар. Өлкөбүздүн коомдук-саясий турмушунда маданият ишмерлеринин ээлеген орду өзгөчө маанилүү. Маданият жана маданий багыттагы баалуулуктар коомубуздун, замандаштарыбыздын руханий-ыймандык деңгээлин көтөрүүгө түздөн-түз байланыштуу болгондуктан, маданият тармагындагы кызматкерлерге абдан жооптуу жана ардактуу милдеттер жүктөлгөн.
Улуттук бай фольклорубуздун бүткүл дүйнөгө таанылышы жана азыркы көп улуттуу маданиятыбыздын бардык мыкты жетишкендиктери жалпы эле маданият кызматкерлеринин чаалыкпас эмгегинен жаралган. Көөнөргүс жана баа жеткис байлыгыбыз болгон маданиятыбыз элибизге эстетикалык ырахат тартуулоо менен гана чектелбестен, улуу гуманисттик идеяларга ширелишип, адамзаттык эч нерсеге алмашкыс асыл баалуулуктарды дагы өзүнө камтып турат.
Маданият тармагында эмгектенишкен бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, алардын түйшүктүү, ак дилдүү эмгектеринде албан ийгиликтерди каалаймын.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Ж.Ж. Сатыбалдиев