16
Октябрь
2020
Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а. Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын экс-президенти С. Жээнбеков жөнүндө Жарлыкка кол койду
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын экс-президенти С.Ш. Жээнбеков жөнүндө Жарлыкка кол койду.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-президентине мыйзам тарабынан каралган бардык ченемдер сакталат.
Аталган Жарлык кол коюлган учурдан тарта күчүнө кирет.