14
Февраль
Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын кайчылаш жылынын алкагында ар кыл багыттагы 200дөн ашык иш-чара пландалды
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайчылаш жылынын салтанаттуу ачылыш аземи 27-февралда Москва шаарында болот.
Иш-чара эки өлкөнүн Мамлекет башчыларынын катышуусунда өтөт.
Белгилей кетүүчү жагдай, кайчылаш жылдын алкагында саясий өз ара кызматташтык, экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-агартуучулук, аскерий-техникалык кызматташуу чөйрөлөрү, жаштар саясаты, туризм, саламаттык сактоо, аймактар аралык кызматташтык тармактары боюнча 200дөн ашык иш-чараны өткөрүү пландалды.
2020-жылды Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылы деп жарыялоо жөнүндө чечим 2019-жылдын 28-мартында Орусиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн Мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган. Кыргызстан менен Орусиянын мындан ары да союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк алакасын, ошондой эле өз ара кызматташтыгын өнүктүрүүнү бекемдөө максатында кайчылаш жылга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн.