23

Июль

2020

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштурууга көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб түзүлдү. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду.


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштурууга көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасы катары Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров бекитилди.


Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле шайлоо комиссияларына шайлоо кампаниясын уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыз кылууда көмөк көрсөтүү максатында кабыл алынган.


Мындан улам "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабды тиркемеге ылайык курамда түзүү чечими кабыл алынган.

тиркеме