09

Февраль

2012

Урматтуу райондук мамлекеттик администрация башчылары! Баарыңыздарды аким болуп шайланышыңар менен куттуктаймын. Жаңы Конституцияга ылайык, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу парламенттин ар бир фракциясы талапкерлерди сунуштап, алардын ичинен үчөөсүн мен, Премьер-министр катары, райондук кеңештердин депутаттарынын кароосуна киргиздим. Депутаттардын колдоосуна ээ болгон акимдер шайланды. Элибиз “Үйүңдүн түркүгү бекем болсун” дейт. Имарат бекем болушу үчүн анын пайдубалы бекем болушу керек. Дарак жакшы өсүшү үчүн анын тамыры күчтүү болушу керек. Ал эми жергиликтүү бийликтин пайдубалы бекем болушу үчүн силер жакшы иштешиңер керек. Эл райондук кеңештин депутаттарын намыстуу, эл үчүн иштеп бере турган акимдерди тандап берет деп шайлаган. Ошондуктан, шайланган акимдердин иши үчүн жоопкерчилик ушул депутаттардын мойнунда болот. Алар туура тандадыбы, же туура эмеспи – сиздердин ишиңерден билинет. Элдин бийликке болгон ишеними да сиздердин ишиңиздерге байланыштуу болот. Өлкөбүздө мамлекеттик башкаруунун демократиялык принциптери бекемделип жатат. Ошол эле учурда акимдерди шайлоо процессинде коррупциялык көрүнүштөр болду деген маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылууда. Мен бул боюнча тиешелүү тапшырма бердим. Эгерде ушундай факты аныкталса, пара берген талапкер да, пара алган райкеңештин депутаты да жоопко тартылат. Мен элибизге кайрылат элем: азыр депутаттардын ыйгарым укуктары абдан чоң, алар акимдерди, айыл өкмөт башчыларын шайлашат, ошондуктан, депутаттарды шайлоодо калыс добуш берип, татыктуусун, эл үчүн иштеп бере турган намыстуусун тандасаңар. «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Мыйзамга ылайык, райондун акими мыйзамдарды бузса, ишинде кемчиликтери көп болсо же райондук кеңештин депутаттары ага ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алса, мен, Премьер-министр катары, аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан алганга укугум бар. Жогорудагыдай фактылар аныкталса, мен ушул укугумдан пайдалана турганымды эскертип койгум келет.   Урматтуу акимдер! Өкмөт “Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо” аттуу программасын сунуштап, ал Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Программанын эң башкы максаты – элдин жашоо-турмушун жакшыртуу болуп саналат. Анда төмөнкү багыттардагы иш чаралар камтылган: -                     мамлекеттик башкарууну реформалоо; -                     бюджет реформасы; -                     укук коргоо системасынын реформасы; -                     экономиканын өнүгүшүн камсыз кылуу; -                     региондордун өнүгүшү; -                     социалдык чөйрөнүн өнүгүүсү. Жаңы Өкмөттүн алгачкы 100 күндөгү жана ушул жылдагы  ишине өзгөчө көңүл бурулат. Программаны ишке ашыруу боюнча 100 күн ичиндеги Иш-аракеттер планы иштелип чыкты. Биз сөзсүз бул милдеттин өтөөсүнө чыгабыз, бул үчүн биргелешип, так жана натыйжалуу иштешибиз керек. Өкмөт өзүнүн ишин чечкиндүү баштады. Элибиздин талабына ылайык, башкаруу аппаратынын штаттык саны кыскартылды. Бул реформа бюджетке болгон жүктү азайтуу, башкаруунун сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, эки баскычтуу бюджетке өтүп жатабыз. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн саны 20 миңден 385ке чейин азайды. Бизнести колдоо максатында текшерүүлөрдүн саны да кескин кыскартылат. Алгачкы ирет башкаруу органдарынын жетекчилеринин ишин баалоо боюнча критерийлерди аныктадык. Сиздердин ишиңиздерге төмөнкүдөй талаптар коюлат:
  1. Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо
  2. Жаңы жумушчу орундарын түзүү
  3. Жаңы ишканаларды ачуу
  4. Инвестицияларды тартып келүү
  5. Айыл жеринде кооперативдерди түзүү
  6. Техникалык сервистерди түзүү
  7. Сатып алуу базаларын түзүү
  8. Микрокредиттөөнү өнүктүрүү
  Инвестициялык долбоорлордун тизмесин даярдап, Улуттук стратегиялык изилдөө институтуна (НИСИ)  берүү керек. Өкмөт бул жаатта сиздерге жардам берет.   Аталган талаптардын аткарылышы ишиңиздерди баалоонун негизги критерийи болуп калат. Өзүңөр билгендей, убакыт тар, ишке ыкчам киришүү керек. Бул – мезгилдин талабы. Биз ушул убакытты текке кетирбей, элибиздин жашоосун тез арада жакшы жагына өзгөртүп, татыктуу турмушка шарт түзүп беришибиз керек. Бул жаатта жергиликтүү бийлик органдарынын салымы өзгөчө болушу керек. Региондорду өнүктүрүү - Өкмөттүн программасынын маанилүү багыты. Көйгөйлүү маселелердин көпчүлүгү жер-жерлерде чечилүүгө тийиш. Кайсы маселе болсо да борборго кайрылуу адатынан арылуу зарыл. Ар бир райондо чече турган маселелер арбын экендиги белгилүү. Алардын бардыгын чечүү үчүн каражат керек. Быйыл Өкмөт тарабынан жергиликтүү бюджетке орчундуу колдоо көрсөтүлөт. Эгерде мурда республикалык маанидеги шаарлардын бюджетине түшкөн кирешенин 35 пайызы калса, эми 50 пайызы калат. Райондук маанидеги шаарлардын бюджетине  жалпы кирешенин 30 пайызы гана калса, эми 40 пайызы кала турган болот. Ал эми айыл өкмөттөрүнө түшкөн кирешеден мурун эч кандай каражат калтырылбаса, эми кирешенин 10 пайызы кала турган болот. Жоопкерчилик менен ыйгарым укуктар тең салмактуу болгондо гана жергиликтүү бийликтин демилгеси күчтүү болот. Жергиликтүү администрация жетекчилеринин ишин стимулдаштыруу максатында жыл жыйынтыгы боюнча эң мыкты облус, эң мыкты район деген наамдарды беребиз. Мыкты облуска 5 млн. сом; эң мыкты районго – 4 млн. сом; экинчи орунга – 3 млн. сом; эң мыкты айыл өкмөтүнө – 5 млн. сом, экинчи орунга – 4 млн. сом, үчүнчү орунга – 2 млн. сом берилет. Андан тышкары, быйыл бюджеттен 1 млрд.сом дыйканчылыкка жана мал чарбачылыгына жеңилдетилген кредит катары 7 пайыздык үстөгү менен берилет. Менин тапшырмам боюнча ушул жумада “Айылбанк” жана “РСК” банктарына кредиттерди бере баштоо үчүн 400 млн.сом которулат. Жазгы талаа жумуштары башталганга чейин, февраль айында эле дыйкандарыбызга жана мал чарбасындагыларга тиешелүү бизнес-долбоорун иштеп чыгып, кредит алганга кол кабыш кылышыңар керек. Региондордо микрокредиттөөнү өнүктүрүү үчүн май айында кошумча булактардан дагы 1 млрд. сом бөлүнүп берилет. Өкмөттүн токтомуна ылайык, сиздерге күч түзүмдөрү менен түздөн-түз иштөө, алардын ишин координациялоо укугу берилген. Ошондуктан, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чыр-чатактардын алдын алып, элибиздин тынч жашоосуна шарт түзүү - сиздердин түздөн-түз милдетиңер. Конституциябыз, бийлик системасы жаңыланып жатканда элибиз бийликке үмүт артып, бизден көп нерсени күтөт. Силердин ар бир кадамыңар - элдин көзөмөлүндө болот. Эл – тараза, эл – калыс. Эл менен тике иш алпарган бийлик адамдары болгондон кийин элдин алкышына ээ болушуңарды каалайм. Күжүрмөн эмгек менен алдыдагы милдеттердин өтөөсүнө чыгып, эл алдында жүзүңөр жарык, ишиңер ийгиликтүү болушун чын жүрөгүмдөн каалайм!

Көңүл бурганыңыздарга ыракмат!

[gallery link="file" order="DESC"]

[gallery link="file" order="DESC"]   [gallery link="file" order="DESC"]