Урматтуу Төрага!
Урматтуу депутаттар!
2010-жылдын апрель-июнундагы окуялардан бери 2 жылга жакын убакыт өттү. Арадан 2 жыл өтсө дагы анын жараты көпкө чейин жүрөгүбүздү сыздатып, бизди дагы бир жолу мындай окуянын кайталанбашына бүткүл күч-аракетибизди жумшоого чакырып турат.
Биздин өлкөбүздөгү эң башкы байлык бул – ынтымак, биримдик, бири – бирибизди түшүнө билүү, ошондой эле ар бирибиздин коом алдындагы, эл алдындагы, мезгил алдындагы жоопкерчилигибизди сезе билүү.
Биздин алдыбызда өтө татаал, ары кыйын милдеттер турат, ал маселе бир гана Өкмөттүн, же Жогорку Кеңештин, же Президенттин гана алдындагы оор маселе эмес, жалпы улуттун, мамлекеттин, ошону менен бирге - ар бир жарандын ыйык милдети.
Улуу Достоевский “Бул дүйнөнүн жыргалы баланын бир тамчы көз жашына татыбайт” дегендей, биз ар ишибизди келечекке, балдарыбызга, болочок муундарыбызга карата жасап жатабыз. Аларга кандай өлкөнү, кандай келечекти калтырып кетерибиз тууралуу ойлонушубуз керек.
Элибиз “Сөз атасы өлбөсүн!” дейт. Сөз баарынан улуу, сөз баарынан бийик. Урматтуу депутаттар жана замандаштар! Менин ачык айтаар сөзүм, эл үчүн иштөөгө, эл үчүн жанды үрөп аракет кылууга мезгил келди. Качанга чейин эле саясаттын сазынан башыбызды чыгара албай, эки жаат болуп, чыр-чатактын ордосуна айлана беребиз?
Ушундай катаал учурда мен баарыңыздарды биримдикке, ынтымакка чакырат элем, бул сапатты эл бизден күтүп жатат. “Ынтымак бар жерде ырыс бар” дегендей, өлкөбүздүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсү, демек, ар бир адамдын тагдыры кырдаалдын туруктуу болушуна байланышат.
Сиздер кабыл алган 2011-жылдын 9-июнунда чыккан токтому так ушул ойго үндөшүп, кайгылуу окуяларды эскерүү менен, тарыхый өнүгүүнүн нугун жакшы жагына буралы деген тилек менен жазылган.
Анын аткарылышы жөнүндө былтыр сентябрь айында, декабрь айында жана быйыл январь айында маалымат бергенбиз. Эң акыркы маалымат кечээ күнү сиздерге жөнөтүлдү. Андыктан, мен негизги маалыматтарга гана токтолоюн.
Өкмөттүн эң негизги жана кечиктирилгис милдети бул окуяларда жабыр тарткандарга жардам берүү болгон.
Апрель жана июнь окуялары боюнча иш-чараларга жалпы чыгымдар төмөнкүдөй болгон:
Бардыгы 4 миллиард 395 млн сом каржыланган, узак мөөнөттөгү процентсиз ссуда жана июнь окуяларында жабыр тарткан адамдарга жардамга 137, 9 млн. сом, апрель окуяларында жабыр тарткан ишкерлерге компенсациялар жана ссудалар 53 млн. сом, июнь окуяларында жабыр тарткан ишкерлерге компенсациялар жана ссудалар 308 млн. сом, “РСК Банк” ачык акционердик коому берген жеңилдетилген кредиттер 339 млн. сом, жабыр тарткандардын бардыгына бир жолу берилген материалдык жардам 652 млн. сом, аларга ай сайын берилчү социалдык жөлөкпулдар да миллиондогон сомдорду түзөт. Мындан тышкары, 6-7-апрелде каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон жардам көрсөтүлдү.
Жабыр тарткан адамдарга көрсөтүлгөн эң орчундуу жардам – бул турак жайларды калыбына келтирүү, турак жай имараттарын куруу болду. Мамлекеттик дирекция тарабынан 1576 квартиралуу көп кабаттуу 34 үй курулуп жатат.
Анын ичинде 1272 квартиралуу 27 үй Ошто, Кара-Суу районунда 2 үй, Жалал-Абад шаарында 3 үй, Базар-Коргон районунда 2 үй курулуп жатат.
2011-жылдын 15-декабрына карата 417 квартиралуу 11 үй курулуп бүттү.
Бул үйлөрдү курууга 3 миллиард 137 миллион сом каржыланды.
Бул жерде белгилеп кетчү нерсе – 2010-жылы турак жайы кыйрагандарды сыртка калтырбай кышка чейин үйлөрдүн биринчи кезеги курулуп бүткөнү.
Урматтуу депутаттар!
Экинчи маанилүү маселе – бул этностор аралык ынтымакты чыңдоо (13-пункт). Бул максатта Кыргыз Республикасынын Этностук саясат жана коомду бириктирүү концепциясы иштелип чыгып, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Курултайында кабыл алынды. Бул концепцияны ишке ашыруу планы жакында Өкмөттүн токтому менен бекитилет.
Улуттар арасындагы мамилелер боюнча социологиялык изилдөө жүрүп жатат. Мектептердеги окуу китептери Билим берүү министрлиги тарабынан каралып, бекитилип жатат. Алардын мазмунуна, элдердин достугун, ынтымакты чыңдоого багытталуусуна өзгөчө көңүл бурулууда.
Мектепте мамлекеттик тилди окутуунун саатын көбөйтүү, китептер менен камсыз кылуу боюнча программа иштелип жатат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында муниципалдык кызматкерлер үчүн атайын курстар, экзамендер уюштурулуп, аны тапшырган мамлекеттик кызматкерлерге сертификаттар берилүүдө.
2012-2015-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү, ишке киргизүү жана колдонуу боюнча программа даярдалууда жана жакында Өкмөттүн токтому менен бекитилет. Мындагы көрсөтүлгөн кадр саясаты боюнча бардык министрликтерге, ведомстволорго жана жергиликтүү бийлик органдарына Жогорку Кенештин токтомундагы ушул көрсөтмөнү жетекчиликке алуу жөнүндө тапшырма берилди.
Мыйзамдарда аныкталган эрежелер боюнча улутуна, динине карабастан кесипкөйлүк жана адамкерчилик сапаттарын, мамлекеттик жана расмий тилди билгенин эске алып туруп кызматка алууну талап кылып жатабыз. Региондордогу социалдык маселелер өз убагында чечилсе, социалдык чыңалуулар, анын ичинде улуттар аралык жаңжалдар болбойт. Ушуну эске алуу менен азыркы мезгилде Өкмөт 40 улуттук долбоор түздү.
Долбоордо кендерди өздөштүрүү, энергетика, транспорт, айыл чарбасы, курулуш, ипотека кредити жана башка маселелер каралган.
Албетте ар бир долбоор тиешелүү региондун экономикасына жана социалдык өнүгүүсүнө олуттуу таасир тийгизет. Мындан тышкары бийик тоолуу, алыскы райондордо, ошондой эле чек арага жакын, анклав жерлерде жашаган жарандарга колдоо көрсөтүү зарыл.
Өлкөнүн түштүк регионунун экономикалык өнүгүү программасын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик регионалдык саясатынын концепциясын иштеп чыгуу жөнүндө чечимдер кабыл алынды.
Обладминистрациялар жана Бишкек, Ош шаарынын мэриялары, турак жай үчүн жер бөлүп берүүдө, бир улуттун өкүлдөрү бөлүнүп жашаган микрорайондор, кварталдар жана турак жай массивдерин болтурбоо үчүн чаралар көрүлөт.
Юстиция министрлиги тарабынан 32 жалпыга маалымдоо каражаттарына, телерадиокомпанияларга, гезиттерге, радиостудияларга улутчул жана экстремисттик мүнөздөгү материалдарды чыгаруунун жоопкерчиликтери бар экени жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында 2011-жылдын ноябрь айында Өкмөттүн токтому менен Коомдук региондук «Ынтымак» телерадиокомпаниясы түзүлдү. Ал Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарын тейлейт.
Улуттар жана конфессиялар аралык диалогду чыңдоо максатында КТРК каналында «Колесо жизни», «Биз жашаган өлкө», «Авангард» аттуу телеберүүлөр уюштурулду. Мындан тышкары «Ала-Тоо» маалымат берүүсүндө, эртең мененки «Замана» программасында жана «Эл билгиси келет» телеберүүсүндө дагы, улуттар аралык ынтымак жана ар бир улуттун ийгиликтери жөнүндө баяндамалар болуп жатат.
«ЭлТР» телекомпаниясында 2010-жылы «Специальный выпуск» программасы эл ынтымагына арналды. Ошондой эле Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын коштоосу менен «Ынтымак өлкөсү» аттуу телеберүүлөрдү белгилеп кетсек болот.
Бизде окуу жайларын улуту боюнча бөлүү болгон эмес, бирок кайсы тилде окутуу боюнча бөлүнүү болгон. Бирок билим берүү мекемелери улуттар бири биринен оолактап, обочолонуу факторуна айланбашы үчүн бардык аракеттер жасалат.
Бардык окуу жайларында мамлекеттик жана расмий тилдерди, Кыргызстандын тарыхын терең өздөштүрүүгө басым жасалат.
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы бардык диний уюмдардын, анын ичинде диний секталардын эсебин жүргүзүп жатат. Мындай эреже мыйзамда каралган.
Улуттук коопсуздук концепциясы иштелип жатат. Бул концепцияда күч структураларында атайын бөлүмдөрдү түзүү, оперативдүү штабдарды түзүү сыяктуу маселелер толугу менен камтылат.
Маалымат катары Ички иштер органдарын реформалоонун концепциясын иштеп чыгуу боюнча чечим кабыл алынып, аракеттер болуп жатканын айтып кетүү зарыл.
Айрым министрликтерди жана ведомстволорду Ош шаарына көчүрүү маселеси боюнча Өкмөттүн көз карашы Жогорку Кеңештикиндей эле.
Бирок “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей бул милдетти аткарыш үчүн шарт жетишсиз болуп жатат. Алсак, ИИМдин (Ички иштер министрлигинин) ички аскерлерин, Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты, Дин боюнча мамлекеттик комиссияны, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикти көчүрүш үчүн 640 миллион сом каражат керек. Азыркы мезгилде бюджеттин абалы кандай экенин сиздер абдан жакшы билесиздер.
Бирок, түштүктө бул кызматтарды чыңдоо, шарт түзүү боюнча ийгиликтүү аракеттер болуп жатат. Алсак, АКШнын жардамы менен Баткен областында 5-6 наркопост куруу жөнүндө келишим бар. Каржылоо жагынан АКШнын жардамы 6-7 миллион доллар болот.
Кайгылуу окуялардын курмандыктарына эстелик куруу маселеси көтөрүлгөн.
Сиздер билгендей кайгылуу окуялардын бир жылдыгы болгондо Ош шаарында “Энелердин көз жашы” аттуу эстелик ачылды.
Сузак районунун Санпа аймагында эстелик тургузуу боюнча иштер жүрүп жатат. Азыркы мезгилде иштин 80 пайызы аяктап калды.
«Ата- Бейит» мемориалдык комплексинде эстелик ачылды жана жакында борбор шаарыбыздын так борборунда дагы бир эстелик ачылган жатат.
Урматтуу депутаттар!
Жогорку Кеңештин токтомундагы башка пункттар Башкы прокуратурага жана Жогорку Сотко тиешелүү. Алардын маалыматын өзүнчө угасыздар.
Учурдан пайдаланып, сиздерге дагы бир жолу жогоруда айткан сөзүмдү баса белгилегим келет. Биз үчүн ынтымак - ырашкерлик, биримдик тек гана кооз сөз болбошу керек. Бул сөздөр мезгилдин реалдуулугу, доордун ачуу чындыгы!
Мына ушул Улуу ой бизди бириктирип, биз мамлекеттин тагдырын чечүү үчүн ушул жерде чогуу олтурабыз. Ошол бизге эл тарабынан берилген саясий мандат, ишеним мандаты, эң оболу адамдык жогорку ыймандын мандаты деп билишибиз керек. Ким бүгүн даңктуу элибизди регион-регионго, улуттарга бөлүп жатат, ал биринчи кезекте - саясатта жүргөн адамдар. Жашоону, элди, ыйык түшүнүктөрдү саясаттын призмасы менен көргөндөр.
Рузвельт айткандай, “Эң алсыз саясаттын куралы - экиге бөлүү”. Турмуш өзү күрөш, ал күрөш бийликке же саясатка таасир этүү үчүн эмес, элдин тагдыры жана жыргалчылыгына арналган күрөш болушу керек!
Биз бийлик үчүн эмес, Кыргызстан үчүн, Кыргызстандын келечеги үчүн күрөшүүбүз керек.
Сөзүмдү аяктап жатып, сиздер ушул токтомдо козгогон маселелерди чечиш үчүн бардык аракеттерди аябайбыз деп айткым келет. Бул токтомдогу ар бир сунуш элдин азабы жана шору менен жазылды десем болот. Бирок турмушта көп маселе дароо чечилбей турганын жакшы билесиздер. Мындай иште ийгилик күн сайын бир кадам, же бир карыш алга жылуу менен, тынымсыз болгон мээнет менен келе турганын да баарыбыз түшүнөбүз.
Андыктан, сиздер менен бирдикте бул маселелерди отчет бериш үчүн гана эмес, элибиздин жаркын келечеги үчүн талыкпастан иштейбиз деп ишенем жана ойлойм.
Көңүл бурганыңыздарга ыракмат!”.
[gallery link="file" order="DESC"]