01

Сентябрь

2012

Урматтуу жарандар!

Кадырман мекендештерим!

Бүгүн мен Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруудан жаңы Өкмөт түзүлгөнгө чейин кетүүнү чечтим.

Мен саясатта калам, өз элиме дайыма кызмат кыла берем.

Мен жаңы Өкмөттүн башталган реформаларды аягына чыгарууга багытталган аракеттерин колдойм жана ага кол кабыш кылууга даярмын.

Өлкөнү өнүктүрүү – Кыргызстандын ар бир жаранынын иши.

Албетте, кезектеги Өкмөттүн кызматтан чегинишинде эч кандай трагедия жок. Бирок министрлер кабинетин тез-тез алмаштыра берүүдөн да өлкөбүз  эч кандай пайда таппайт.

Жаңы Өкмөттүн туруктуу жана майнаптуу иштеп, социалдык-экономикалык тармактарды өнүктүрүүдө көзгө көрүнөрлүк натыйжаларга жетиши үчүн саясатчылар мурда кол коюлган келишимдерди бекем сактоого үйрөнүшү керек.

Тилекке каршы, мурунку эки коалиция айрым саясатчылардын жана саясий топтордун кызыкчылыгы үчүн садага чабылып кетти.

Кадырман достор!

Өкмөт башчысы болуп турганда мен өлкөнүн бардык аймактарында болдум. Карапайым адамдар менен болгон көптөгөн жолугушуулар жүрөгүмдү жылыткан сонун таасирлерди калтырды, чоң сабак болду.

  Бизди колдогон бардык жарандарыбызга чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгымды билдирем. Көзмө-көз кездешүүлөр учурунда Өкмөттүн дарегине курч сын пикирлерин бетке айткандарга да терең ыраазымын. Айрым саясатчылардын негизсиз асылууларына караганда карапайым жарандар айткан сын ар дайым калыс жана даректүү болуп, ишибизге чоң жардамы тийди.

Ошондой эле көптөгөн реформаларды аягына чыгарууга үлгүрбөй калганыбыз үчүн бардыгыңыздардан кечирим сурайм.

Жаңы министрлер кабинети бардык жакшы башталыштарды аягына чыгарат деп ишенем.

Сиздерге ден соолук, оптимисттик маанай, ар бир үй-бүлөгө бардарчылык, Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн эмгекте албан ийгиликтерди каалайм!