
Бүгүн, 21-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамын майрамдоо иш-чарасына катышты.
Өз куттуктоо сөзүндө Премьер-министр Нооруз – жер жарылып, көк чыккан, адамдар бири-бирине тунук пейил, таза ыйман менен куттук айтышкан, күн менен түн теңелген касиеттүү майрам экендигин белгиледи жана ушул күнү эл менен бирдикте майрамдап жаткандыгына ыраазы экендигин билдирди.
Өкмөт башчысы ынтымак менен биримдик болгон жерде гана ийгилик боло тургандыгын белгиледи.
"Өкмөттүн алдында оор жана жооптуу милдеттер турат. Биз үчүн өлкөнүн, элдин кызыкчылыгынан өткөн ыйык милдет жок. Өкмөт элдин бакубат жашоосу үчүн колунан келген бардык ишти жасайт. Биз Кыргызстаныбызды биримдикте өнүктүрүшүбүз керек”, - деди Өмүрбек Бабанов.
Өкмөт башчысы Кыргызстандын элине бейпилдик, бакубаттуулук жана ынтымак каалады.
Борбордук аянтта Нооруз майрамын майрамдоого келген конокторго Кыргызстанда жашаган калктардын маданий көп түрдүүлүгүн көрсөткөн искусство чеберлеринин концерти тартууланды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү
[gallery link="file" order="DESC"]