25
Сентябрь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Серик Ахметовду Казакстан Республикасынын Премьер-министринин кызматына дайындалышы менен куттуктоо телеграммасын жөнөттү.
Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат:
“Урматтуу Серик Ныгметович,
Сизди Казакстан Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалышыңыз менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чын дилимден куттуктайм, ошондой эле ушул жооптуу кызматтагы ишиңизге албан ийгиликтерди каалаймын.
Салттуу болуп калган ынак достук мүнөздөгү Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелер эки элдин жыргалчылыгы үчүн үзгүлтүксүз өнүгөт деп терең ишенем.
Учурдан пайдаланып, Сизге, урматтуу Серик Ныгметович, чың ден соолук жана мамлекеттик ишиңизге бийик ийгиликтерди, ал эми боордош казак элине бейпилдикти жана бакубат жашоону каалайм".
Урматтоо менен,
Жантөрө Сатыбалдиев