07
Декабрь
Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Ашхабад шаарында өткөн Көз Карандысыз Шериктештер (КМШ) мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгында өткөн жыйында КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары, ал эми Азербайжан менен Молдова мамлекеттеринен Премьер-министрлер катышты.
Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынында КМШ аткаруу комитетинин төрагасы-Аткаруу катчысы Сергей Лебедевдин, ошондой эле КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык Ассамблеясынын жетекчиси Валентина Мотвиенконун аталаган Ассамблеянын иши жөнүндө маалыматтары угулду.
Жыйындын катышуучулары Мамлекеттер аралык “Шериктештиктин маданий борборлору” Программасынын жобосун бекитишти. Аталган Программманы 2013-жылы Азербайжан, Армения жана Беларусияда жүзөгө ашыруу үчүн Габала, Гюмри жана Могилев шаарларын Шериктештиктин маданий борборлору деген чечим кабыл алынганын жарыялашты. Ушуну менен катар 2013-жыл-КМШ мамлекеттеринин экологиялык маданият жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча Жылы деп атоо тууралуу чечим кабыл алынды.
Жыйындын жыйынтыгында КМШ Аткаруу комитети тарабынан даярдалган 24 документ боюнча чечимдер кабыл алынды. Кол коюлган документтердин арасында КМШ мамлекет башчыларынын мындан ары кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүү боюнча Декларациясы, 1941-1945 жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдык мааракесин майрамдоо тууралуу жана башка документтер бар.
Мамлекет башчылары ошондой эле КМШ аткаруу комитетинин төрагасы-Аткаруу катчысы Сергей Лебедевдин ыйгарым укугун 2016-жылга чейин узартуу боюнча чечим кабыл алышты, КМШ Экономикалык сотунун жаңы Төрагасын, КМШ мамлекеттеринин террористерге Каршы борборунун Жетекчисин, КМШ мамлекеттеринин коргоо министрлер Кеңешинин алдындагы абадан коргонуу маселелери боюнча Координациялык Комитетинин төрагасын бекитишти.
Жыйындын алкагында сырткы чек араларда кризистик абал пайда болгондо жардам берүү жана тескөө боюнча КМШ мамлектеринин чек ара жана башка ведомстволордун өз ара иштөөсүн уюштуруу боюнча бекитилген Жобонун 2007-жылдын 5-октябрындагы протоколун ишке ашыруу боюнча иш чаралардын Планы бекитилди.
Дагы башка кол коюлган документтер боюнча келишимдердин тизмеси:
- КМШ мамлекттеринин финансы чалгындоо жетекчилеринин Кеңешин түзүү тууралуу;
- КМШ мамлекеттеринин окуу жайларында террористерге каршы адистерди даярдоо жагынан кызматташуу тууралуу;
- Терроризмге жана экстремизмдин башка түрлөрүнө каршы күрөшкөн компетенттүү органдарды материалдык-техникалык жактан камсыздоо тууралуу:
Делегация башчыларынын кабыл алган чечимдерине ылайык КМШ төрагалыгы 2013-жылдын январынан баштап Беларусь Республикасына өтөт жана КМШ мамлекет башчыларынын келерки жыйынынын отуруму 2013-жылы октябрь айында Минск шаарында өткөрүлөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү