20

Июль

2020

Кыргыз Республикасы 2020-жылдын 16-июлунда Нью-Йорк шаарында өткөн Жогорку деңгээлдеги саясий форумда Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн биринчи Улуттук серебин жактады.

Кыргыз Республикасы буга чейин берген билдирмесине ылайык 2020-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү боюнча биринчи Улуттук ыктыярдуу серебин (УЫС)БУУнун Экономикалык жаны Социалдык Кеңеши тарабынан уюштурулган Жогорку деңгээлдеги саясий форумунда жактады. Форум 2020-жылдын 9-16-июлдарында Нью-Йорк шаарында алыстык форматта болуп өттү.

Кыргыз Республикасы БУУнун өлкө-мүчөсү катары БУУнун Башкы Ассамблеясынын “Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби” Резолюциясын колдоп, аны аткаруу жана улуттук деңгээлдеТуруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча ниетин билдирди.

Кыргыз Республикасында ТӨМгө жетүү боюнча иш-аракеттери ылайыкташтырылган улуттук артыкчылыктарды эске алуу менен негизги улуттук стратегиялык узак мөөнөттүү документтери – 2040-жылга чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жана орто мөөнөттүү Өкмөттүн программалары жана пландарына ылайык ишке ашырылууда.

Биринчи  УЫСты даярдоо 2019-жылдын ортосунан башталган активдүү жана узакка созулган иштерди талап калды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү УЫСты даярдоо менен байлыныш болгон маселелерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 541 буйругуна ылайык вице-премьердин жетекчилигинде түзүлгөн Координациялык комиссиясы аркылуу жетектеди. 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү стратегиясында, башка стратегияларда жана программаларда аныкталган тапшырмаларды эске алып, ТӨМдү Кыргыз Республикасындагы улуттук туруктуу өнүгүү артыкчылыктары менен тыгыз байланышын камсыз кылуу менен даярдоо иштерин беш жумушчу топ алып барышты.

УЫСты даярдоо көп тараптуу жана ар тармактуу болду, бардык кызыкдар тараптар менен өнөктөштүктө негизделди. Мамлекеттик органдар, жарандык коомдун өкүлдөрү, БУУ системасынын агенттиктери, өнүгүү боюнча башка өнөктөштөр ТӨМдү даярдоодо, концептуалдаштырууда, мониторинг жүргүзүүдө жана улуттук өзгөчөлүктү эске алуу менен аткарылышынын жүрүшүн, тапшырмаларын жана индикаторлорун баалоодо катышышты.

БУУнун системасынын мекемелери,Германия эл аралык кызматташуу коому жана башка эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тарабынан эксперттик колдоо көрсөтүлүп, УЫСты даярдоо боюнча жумушчу топторго тренингдер өткөрүлдү.

Өз убагында өткөрүлгөн консультациялар жана иштелип чыккан координациялык механизмдер бардык кызыкдар тараптардын ачык өнөктөштүк катышуунун негизинде алардын кеңири катышуусуна жана глобалдык өнүгүү күн тартибинжана ТӨМдү ишке ашырууга болгон жоопкерчилигин жана катышуунун маанилүү принциптерин ишке ашырууга салым кошту.

УЫСта ТӨМгө жетүү боюнча базалык мамилелер чагылдырылган, жетишкен ийгиликтер жана бар болгон көйгөйлөр боюнча талдоо жүргүзүлгөн жана ошондой эле мындан ары иш жүргүзүүнү талап кылган чөйрөлөр аныкталган. Кыргыз Республикасынын биринчи УЫСы туруктуу өнүгүүнүн жаатындагы 16 максатты камтыйт (14-максат. Туруктуу өнүгүүнүн кызыкчылыгында океандарды, деӊиздерди жана деӊиз ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана сактоо каралган эмес).

2030-жылга чейинки мезгилге Күн тартибинин максаттарын аткарууда жетишкен, Кыргызстандагы туруктуу өнүгүүнүн негизги компоненттерине – социалдык, экономикалык жана экологиялык тармактарына багытталган  саясатын талдоонун жыйынтыгында негизделген УЫСта прогресс белгиленген. Жүргүзүлүп жаткан саясат өнүгүүнүн негизги артыкчылыктарына жана мамлекеттин кызыкчылыгына багытталган.

Ошондой эле УЫСты даярдоо процессинде чечиле элек маселелер, Кыргызстандагы туруктуу өнүгүүнүн жаңы тобокелдиктери аныкталды, кошумча аракеттерди талап кылган багыттарда мындан аркы кадамдар боюнча сунуштар даярдалды. ТӨМдү мындан ары локализациялоо жана кийин кеңейтилүүчү жергиликтүү деңгээлдеги жоопкерчилик системасын иштеп чыгуу зарылдыгы сакталууда.

Акыркы жылдары кабыл алынган аракеттер өтө жакырчылыктын, балдар өлүмүнүн масштабын бир кыйла кыскартууга мүмкүндүк бергендиги, жашоо узактыгынын көбөйүшү жана ошондой эле базалык медициналык тейлөөгө жетүүнүн кеңейиши серепте белгиленген; баштапкы жана орто билим алууга туруктуу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Инклюзивдик экономикалык өсүш жана теңсиздикти кыскартуу ортосунда өз ара аркеттенүүнү түзүүгө комплекстүү чаралар багытталган. Саясаттын чараларын талкулоо жана аларды ишке ашыруу борборуна адамдардын жашоо-турмуш деңгээлин жогорулатуу, коомдун туруктуу өнүгүүсү коюлган.

Улуттук ыктыярдуу серебин Кыргыз Республикасынын экономика министри С.Т.Муканбетов презентациялаган. Билдирүүлөр менен жарандык коомдун өкүлдөрү – Кыргыз Республикасында улуттук мониторинг жүргүзүү жана баалоо тармагынын координатору Т.А.Третьякова жана ТӨМдүн жаш элчиси А.Бакытов чыгып сүйлөштү. Талкулоодо жана суроолоргоо жооп берүүдө жумушчу топтордун жетекчилери, экономика, тышкы иштер, эмгек жана социалдык өнүктүрүү, юстиция министрлеринин орун басарлары, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү,  Кыргыз Республикасынын БУУнун астындагы Туруктуу өкүлү катышышты.

Жалпы талкулоонун жүрүшүндө БУУнун өлкө-мүчөлөрү – Армения, Непал, Орусия жана Узбекистандын өкүлдөрүнөн, ошондой эле форумда кытышкан өкмөттүк эмес уюмдардан суроолор берилип, делегациянын мүчөлөрү тарабынан толук жооптор берилген.

Кыргыз Республикасында Улуттук ыктыярдуу серепте аныкталган сунуштарды ишке ашыруу боюнча жумуш алынып барат. Бул иш Кыргызстанда мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык коомдун жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн кызматташуусунун негизинде жүргүзүлөт.