01
Февраль
Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик органдары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө-көзөмөл жайларындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү улантат
Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик органдары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө-көзөмөл жайларындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү улантат. Мындай чечим Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын катышуусунда өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган.
Талкуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосунда интенсивдүү консультацияларды улантуу чечими кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тар курамдагы талкууда 2019-жылдын мартында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө-көзөмөл жайларында түзүлгөн кырдаал тууралуу айтты.
Кыргыз Республикасынын экономика министри Санжар Муканбетов Өз ара пайдалуу кызматташууну, тең укуктуулукту жана тараптардын улуттук кызыкчылыктарын эске алууну камсыздоо жөнүндө келишимдин № 3 беренесинде белгиленген ЕАЭБдин негизги принциптеринин бирин бузган, ички рыноктун иштөөсүн бузуу боюнча так фактыларды келтирди.
Ал белгилегендей, кыргыз транзиттик товарларына карата колдонулган текшерүүнүн кошумча административдик жол-жоболору жана Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан товар коштоочу документтерди сканерлөө боюнча формалдуулук ЕАЭБ укуктарын бузууда.
Ошондой эле жүктөргө, анын ичинде Казакстан Республикасы аркылуу ишке ашырылган КРдан жөнөтүлгөн транзиттик жүктөргө карата кошумча көзөмөлдөө-текшерүү иш-чараларынын негизсиздиги айтылды.
Тараптар бул маселени талкуулоонун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн кырдаалды кыска мөөнөттө чечүү боюнча түшүнүштү.