03

Октябрь

2019

Кыргызстандын Өкмөтү уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун колдойт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун илгерилетүүгө тоскоолдук жараткан кандайдыр бир жашыруун аракеттерди жасаган жок.

Өкмөттүн 2019-жылдын 24-июнундагы №314 токтому менен бул мыйзам долбоорун жактыруу боюнча Өкмөттүн расмий корутундусу чыккан.

Ушул жылдын 24-июнунда Өкмөттүн бул чечими мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири болгон «Бир Бол» парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун атына жөнөтүлгөн.

Мыйзам долбоордун корутундусуна Өкмөт жалпысынан Мыйзам долбоорду колдойт жана долбоорду кайра иштеп чыгууда айрым редакциялык мүнөздөгү сунуштарды эске алууну сунушталган.