22
Январь
2020
Кыянбек Сатыбалдиев Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду
Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.