23
Январь
Кызыл-Кыя шаардык жылуулук берүү мекемеси 80млн сомго реконструкциядан өттү
Кызыл-Кыя шаардык жылуулук берүүчү мекемеси 80млн сомго реконструкциядан өттү
1983-жылы курулган Кызыл-Кыя шаардык жылуулук берүү мекемеси буга чейин электр энергиясы менен иштеп келген. КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-мартындагы №119 токтомуна ылайык, мекеме жылытуунун альтернадивдик жолдорун издөөгө өткөн. Натыйжада Россия мамлекетинин «Промкотлоснаб» ишканасы менен кызматташып, көмүр менен жылытуу системасына өтүү үчүн реконструкция жумуштары аткарылды.
Бул жумуштарды жылуулук берүү мекемеси ачык акционердик коому, өздүк каражатынын эсебинен жасоого жетишип, 80млн сом каражат жумшаган.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Акрам Мадумаров аталган мекеменин ишмердүүлүгүнөн кабар алып, шаар калкына жылуулукту өз мөөнөтүндө жана белгиленген нормада берип жаткан мекеме кызматкерлеринин жумушун канааттандыраарлык деп баалады.
Бүгүнкү күндө, ишкана Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы 32 көп кабаттуу үйлөргө, мекеме ишканаларына, мектеп, балдар бакчаларына, аймактык оорукана жана башка мамлекеттик мекемелерге жылуулук берүүдө. Аталган мекеме тарабынан жылуулук менен кошо ыссык суу да берилет.
Жылуулук берүү мекемесинде 25 адам жумуш менен камсыз болгон.
Ал эми электр от казандары резерв болуп сакталып турат. Кандайдыр бир муктаждык жаралса, көмүр менен жылытуудан, электр энергиясына өткөрүү жумуштарын 30 мүнөттүн ичинде аткарууга мүмкүнчүлүктөр бар.