23

Январь

2020

Кызыл-Кыя шаарында 2019-жылы жаңы ачылган ишканалардын эсебинен 380 жумуш орундары түзүлгөн

Кызыл-Кыя шаарында 2019-жылды жыйынтыктаган коллегия болуп өттү. Анда 2019-жыл ичинде шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, 2020-жылга пландар белгиленди.   

Өткөн  жылдын жыйынтыгы менен  өнөр-жай продукциясынын көлөмү  349,5 млн. сомдук продукция ѳндүрүлүп, өсүү темпи 111,6 % түздү.

Ал эми кичи жана орто бизнес жаатында, ишкерлер тарабынан  185,4 млн. сом өлчөмүндө өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн.  2018-жылга салыштырмалуу 3,8 миң сомго көп продукция өндүрүлүп, 102,2 % аткарылган.   

Салык топтоо боюнча   план 187,4 млн сом берилген болсо, факт боюнча 196,8 млн сом жыйналып, 105 % түздү. Өсүү темпи 50% түздү. 

2019-жылдын 12 айында жалпысынан 1364 жумуш орундары түзүлгөн.   Жаныдан ачылган ишканалардын негизинде пайда болгон иш орундардын саны 380 түздү. Тагыраагы 2019-жыл ичинде шардык мэрия жеке ишкерлер менен биргеликте 7 ишкана ачууну  пландаштырылган болсо, натыйжада 8 ишкана ишке киргизилип, анын негизинде 380 жаны жумуш орундары түзүлдү.

Жыл ичинде шаарга 1747,8 млн сомдук инвестиция тартылган.

Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы таза суу түтүкчөлөрүн жана канализацияларын реаблитациялоо боюнча ЕБРР уюму тарабынан жалпы суммасы 6,0 млн евролук долбоору жактырылып, жумуш жүрүүдө. 

Жергиликтүү бюджетке түшкөн каражаттардын эсебинен, курулуш, энергетика, коммуналдык чарба, маданият, транспорт жана жол куруу,спорт тармактарында 27266,5 мин. сомдук жумуштар аткарылган. 

Коллегияга катышкан ыйгарым укуктуу өкүл Акрам Мадумаров шаар жетекчилерине  тамекини кайра иштетүүчү ишканасынын ишмердүүлүгүн кароо,Кызыл-Кыя-Караван жолунун курулушун бүткөрүү жана шаардын инфраструктурасын чындоо, жашоочулардын жашоо шартын жакшыртуу, жакырчылыкты кыскартуу жаатында жандуу иш алып барууну тапшырды.