16

Январь

2013

Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча 2012-жылдын 27-декабрындагы Комиссиянын сунуштарына ылайык Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын мындан ары иштеши максатка ылайыксыздыгына байланыштуу мындай чечим кабыл алынды.

Жогорудагыга байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине  талаптарына ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекцияны жоюп, анын функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Курулуш жана региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агентигине берилсин.

Ошону менен катар Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекцияны жою боюнча комиссия түзүлсүн.

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 96-99 статьяларына ылайык жою комиссиясы эки айдын ичинде Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекцияны жою боюнча иш чараларды жүргүзсүн.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү