18
Июль
Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар ККМ ишке киргизүү боюнча Графиктин үчүнчү жана төртүнчү этаптары күчүн жоготту
Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү боюнча Графиктин үчүнчү жана төртүнчү этаптары күчүн жоготту. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Аталган чечим жүргүзүлүп жаткан саясаттын ырааттулугун камсыздоо максатында кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн алкагында маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонууну пландуу өркүндөтүүнү эске алуу менен, субъекттер тарабынан маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү жана колдонуу графигинин “3-этап” жана “4-этап” деген главалары күчүн жоготту деп таануу чечимин кабыл алды.
Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү