02
Март
2018
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановго карата МБА лицензия берүү фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановдун Мамлекеттик байланыш агенттигинин (МБА) лицензиялык комиссиясы тарабынан лицензияны уюштуруучуларынын курамына Комитет башчысы кирген фирмага лицензия берүү фактысы боюнча ишмердүүлүгүнө кызматтык иликтөө жүргүзүү боюнча комиссия түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук
жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү