20
Декабрь
Маданият, искусство жана архитектура тармагындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комитеттин курамы бекиди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун буйругу менен маданият, искусство жана архитектура тармагындагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары боюнча Комитеттин курамы бекиди.
Комитеттин курамына төмөнкүлөр кирди:
Абдыкалыков Акылбек - режиссер, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Комитеттин төрагасы.
Комитеттин мүчөлөрү:
Ажиев Садабек - скульптор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты; Акматбекова Сагын - Кыргыз Республикасынын эл акыны; Асанкулова Эльвира - Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты; Байтобетов Дүйшөн - Кыргыз Республикасынын эл артисти; Бактыгулов Сталбек - композитор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер; Бейшенбаев Улан - архитектор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты; Дуйшалиев Камчыбек - музыка изилдөөчү, профессор; Жакиев Бексултан - драматург, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасынын ээси, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты; Жусупов Кеңеш - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты; Курманов Таалай - Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү; Мамбетакунов Молдосейит - телережиссер, Кыргыз Республикасынын эл артисти; Мусаев Манасбек - кинооператор, Кыргыз Республикасынын эл артисти; Осмонов Абдырай - Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү; Сейдакматова Жамал - Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты; Соданбек Жали - кинорежиссер, Кыргыз Республикасынын эл артисти; Сыдыков Кубанычбек - балетмейстер, Кыргыз Республикасынын эл артисти; Турапов Керимберди - Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты; Укубаева Лайли - филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин деканы; Урманбетов Кыялбек - Кыргыз Республикасынын эл акыны; Усубалиев Бейшебай - адабият изилдөөчү, прозаик, филология илимдеринин доктору, профессор; Усенбаев Мир Алымкулович - төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты; Чотурова Бактыгүл - акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер; Шаповалов Вячеслав Иванович - филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эл акыны; Шыгаев Юристанбек Абдиевич - Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү