17
Октябрь
2018
Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу Бактыбек Секимовго жүктөлдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Секимов Бактыбек Шайыкбаевичке жүктөлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү