01

Февраль

2013

Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Малайзияга болгон иш сапарынын алкагында 29-31январда Малайзиянын Премьер-министри Наджиб Тун Абдул Разак, Малазиянын мурдагы Премьер-министри Махатхир Мохамад жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. 

Малайзиянын Премьер-министри Наджиб Тун Абдул Разак менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптык кызматташууну кеңейтүү жана бекемдөө маселелери каралды. Жоомарт Оторбаев маектешине Кыргызстандагы ички саясий кырдаал тууралу, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү жана инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо боюнча Өкмөттүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө тааныштырды. 

Малайзия Өкмөтүнүн Башчысы Наджиб Тун Абдул Разак кыргыз тараптын квоталык негизде эмгек ресурстары менен алмашуу жөнүндө келишим түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сунушту кызыгуу менен кабыл алды. Бул маселе боюнча Малайзия тарабы жакын арада өздөрүнүн сунуштарын бермей болушту.Тараптар учурда түзүлгөн эки өлкөнүн ортосундагы жогорку билим берүү областында кызматташууну кеңейтүүнүн зарылчылыгын түшүнүштү. Малайзиялык тарап  Малайзиянын ЖОЖдорунда бекер жана контракт менен билим алып жатышкан Кыргызстандык студенттердин  санын көбөйтүүнү сунуштады. 

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча тараптар эмгек ресурстар менен алмашуу, жогорку билим берүү, туризм, айыл чарба азыктарын кайрадан иштетүү, халал-индустрия тармактарында долбоорлорду , соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнү, ошондой эле Кыргызстандын экономикасына Малайзиялык инвесторлорду тартууну белгилешти. 

Маектешүүнүн соңунда Жоомарт Оторбаев КР Президентинин жана КР өкмөтүнүн атынан Малайзиянын Премьер-министрин ыңгайлуу убакта Кыргызстанга келип кетүүнү чакырды. 

Андан соң Жоомарт Оторбаев Малайзия Премьер-министринин стратегиялык экономиканы пландаштыруу Департаментинин башчысы Рахамат Биви Юсуфф менен жолугушту.Маектешүү учурунда тараптар потенциалдуу малайзиялык инвесторлорду Кыргызстанга тартуу боюнча конкреттүү иш-чараларды талкуулашты.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү