22

Февраль

2019

Мамлекеттик администрациялардын бир катар жетекчилери ээлеген кызматтарынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, төмөнкүлөр ээлеген кызматынан бошотулду: 

- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Таалайбек Ажиев

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Улан Доконбаев

- Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Жумгалбек Дүйшебаев

- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Масалбек Мырзамамытов

- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Майорбек Сатымкулов

- Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Азамат Эсенбеков.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы жыйынынын протоколдук чечимине ылайык кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү