14
Август
2018
Мамлекеттик ишканаларга коюлган эмгек акылар алардын финансы-чарбалык жыйынтыктарына жараша болот
Мамлекеттик ишканаларга коюлган эмгек акылар алардын финансы-чарбалык жыйынтыктарына жараша болот. Натыйжасыз ишканалар жоюлуп же ишенимдүү башкарууга берилиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 7-жыйынында билдирди.
«Мамлекеттик ишканаларды башкарууга мыкты менеджерлер тартылып, мамлекеттик ишканаларды ишенимдүү башкарууга ɵткɵрүү тажрыйбасы киргизилет», – деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өз сөзүндө Өкмөт башчы мамлекеттик ишканаларды башкаруу жаатындагы учурдагы жаңы киргизүүлөргө басым жасады.
Анын ичинде, күтүлүп жаткандай, “Кыргыз почтасы” акционерлештирилет жана почта-банк түзүлөт. Муну менен бирге “Кыргыз темир жолунун” башкаруу системасына жаңы стандарттар киргизилип, иштөө принциптери толугу менен каралып чыкмакчы.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү
[su_carousel source="media: 121163,121164,121165,121166,121161,121160,121159,121158" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"]