04
Декабрь
2020
Мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан текшерүүгө мораторийдин мөөнөтү 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды
Мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан текшерүүгө карата мораторийдин мөөнөтү 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.
Мораторийдин мөөнөтүн узартуу COV1D-19 вирусунун жайылуу шартында ишкердик субъектилерине кошумча стимул берүүгө багытталган.