21

Ноябрь

2016

Мамлекеттик органдарда кыргыз тилин өнүктүрүү жана анын макамын жогорулатуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлөт

Министрликтерде, административдик ведомстволордо жана башка мамлекеттик органдарда кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Бул боюнча Кыргыз Республикасын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы №581 токтомуна кол койду. Анда Өкмөттүн 2004-жылдагы «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук жана материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Кол коюлган токтомго ылайык, мамлекеттик органдардагы тил боюнча адистер  иш-кагаздарына лингивистикалык-экспертиза жүргүзөт жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иштерди алып барат.

Буга байланыштуу мамлекеттик органдардагы кызматкерлер иш-кагаздарды котормочу аркылуу которбостон, өздөрү которуу менен лингвистикалык-экспертизадан өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү