11
Март
Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссиянын курамына жарандык коомдон мүчөлөрү шайланды
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссиянын курамына жарандык коомдон мүчөлөрү шайланды. Буга чейин ар кандай бирикмелерден, фонддордон жана мекемелерден 19 талапкер сунушталган, сынакка 18и катышты.
Рейтингдик онлайндын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссиянын курамына жарандык коомдон төмөнкү өкүлдөр шайланды:
- Өмүрканова Малика Сталбековна;
- Мамбетов Айдар;
- Тилебалды уулу Элийзар;
- Бакиров Артур Жылдызбекович;
- Джунушалиева Айгуль Алмасбековна;
- Юсупова Асель Эркиновна;
- Мамутова Светлана Калиевна;
- Джузупов Эрлан Калыбекович;
- Новикова Екатерина Юрьевна;
- Рузиев Камилжан Якупович.
«Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Комиссиянын 10 мүчөсү сынактык негизде 5 жылдык мөөнөткө шайланат.