28
Июнь
«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар башталды
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Мамлекеттик тил жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин катышуучулары маанилүү күндү белгилөө боюнча Иш-чаралардын планын жактырышып, бир катар максаттарды аныкташты.
Майрамдык иш-чаралардын алкагында илимий-практикалык конференция, «Кел кыргызча сүйлөйлү» жаштар акциясын, флэш-мобдорду, мектеп окуучулары арасында кыргыз тилинин жашоодогу ролу жөнүндө эссе сынактарын жана бир катар башка иш-чараларды өткөрүү пландалууда.
Мындан тышкары дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө жашаган мекендештер арасында сынактар жана акындардын эл аралык «Айтыш-2019» сынагын өткөрүү пландалып жатат.
Майрамдык программага «Ырдайлы кыргыз ырларын» республикалык фестивалын өткөрүү киргизилген, мында ар башка этностордун өкүлдөрү жана чет өлкөлүк жарандар кыргыз тилинде ырларды аткарышат. Алгач сынактар райондук жана облустук деңгээлдерде өткөрүлүп, андан соң аймактык баскычтын жеңүүчүлөрү Бишкек шаарындагы гала-концертке катышышат.
Ошондой эле кыргыз тилиндеги ырларды аткарган чет элдик эстрада жылдыздарын чакыруу пландалууда.
[su_carousel source="media: 134659,134658,134660" limit="16" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү