03
Март
Мамлекеттик туу күнү белгиленди
Бүгүн Талас шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү салтанаттуу белгиленди.Иш чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, облустук мекеме уюмдардын жетекчилери, студенттер жана Талас шаарынын тургундары катышты. Алгач Кыргыз Республикасынын туусу атайын колонна менен борбордук аянтка алынып келинди.
Облус жетекчи өз куттуктоосунда:“бүгүнкү күнү баарыбыз түбүндө бириккен, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу кызыл түстө. Анткени желектин бир түстүү кызылдыгы эрдиктин, тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана бакубат жашоону чагылдырат. Түндүк, өлкө калкынын биримдигинин символу болсо, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.Андыктан, мамлекеттин символдорунун бири болгон туубузга аяр мамиле кылуу ар бир Кыргызстандын жаранынын ыйык милдети экени талашсыз”-деди.
Иш чара Талас мамлекеттик университетинин студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Мамлекеттик туу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген.