23
Февраль
2018
Маморгандардын бир катар жетекчилерине тартиптик жазалар жарыяланды
Мамлекеттик органдардын 2015-2015-жылдардагы Коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча иш-чараларынын планын аткаруунун жыйынтыктары менен бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик жазалар жарыяланды.
Тийиштүү чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги отурумунда кабыл алынды.
Сөгүш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге жарыяланды. Андан тышкары эскертүүлөр жарыяланды:
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри Уран Ахметовго;
- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановго;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы Илияз Ташбаевге;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Азамат Эркебаевге.
Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик органдардын натыйжасыз жетекчилерин ээлеген кызматтарынан бошотуу керек деп билдирди, мисалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алмазбек Абдыкаровго.
«Ал экинчи ирет сөгуш алып жатат. Ошол эле учурда аталган ведомстводо коррупция орун алгандыгы жөнүндө жарандар тарабынан абдан көп нааразычылыктар түшүүдө. Июнга чейин ушул көйгөйлөр чечилиши керек», -деп белгиледи ал.
Премьер-министр Сапар Исаков Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге Алмазбек Абдыкаровду жумуштан бошотуу боюнча көрсөтмөсүн даярдап берүү тапшырмасын берди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү