18
Июнь
«Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы» мекемеси түзүлдү
«Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 31-январындагы № 18 «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.
Чечимге ылайык, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин Уставы бекитилди, ошондой эле тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга жаңы уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салган өзгөртүүлөр киргизилди.
Белгилей кетсек, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин негизги максаттары жана милдеттери төмөнкүлөр:
- «Манас» эпосунда жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган рухий баалуулуктарды өсүп келе жаткан муун арасында кеңири жайылтуу жана ар тараптуу изилдөө, сактоо, ошондой эле идеяларды дүйнөлүк масштабда жайылтуу, таланттуу манасчыларды тарбиялоо;
-«Манас» эпосунун жана көрүнүктүү инсан – Чыңгыз Айтматовдун маданий мурасын сактоо үчүн шарттарды түзүү.
Уюмдун ишмердүүлүгүндө илимий, техникалык жана искусство таануу изилдөөлөрүнө аракеттешүү; «Манас» эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айматовдун чыгармачыл мурасында камтылган рухий, моралдык жана этикалык баалуулуктарды жайылтуу; илимий-практикалык жана илимий-техникалык конференцияларды уюштуруу, өткөрүү жана катышуу; эмгектерди, мезгилдүү басылмаларды жана тематикалык түрмөктөрдү басып чыгаруу; аудио-видео, окутуу-агартуучу, таанып-билүүчү материалдарды даярдоо; көргөзмөлөрдү уюштуруу, сувенирлерди жасап чыгаруу сунушталган.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү