11
Июнь
2019
Марс Саккараев Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды
Саккараев Марс Намарбекович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ошол эле учурда Марс Саккараев мурда ээлеген кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү