07
Июнь
Майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынын өткөрдү.
Жыйында 2019-2022-жылдарга карата майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча Биринчи кезектеги чаралардын планынын долбоору, ошондой эле Кыргыз Республикасында 2019-2023-жылдарга карата майыптуулукту баалоо жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реабилитациялоо тутумун оптималдаштыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоору (Жол картасы) сунушталды.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова айткандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясынын ченемдери талданып, аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик-укуктук актылар долбоорлору даярдалган.
«Өзүңүздөр билгендей, Конвенция майыптардын социалдык оор абалын жеңүүгө жана алардын жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий жашоого катышуусун кеңейтүүгө багытталган 50 беренеден турат», - деди ал.
Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Конвенциянын ченемдерин аткаруу өлкөнүн экономикалык жана финансылык мүмкүндүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
«Конвенцияны ишке ашыруунун каржы булактары республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттары, кайрымдуулук взностор, тартылган донордук, гранттык каражаттар, демөөрчүлүк жардам. Биздин алдыбызда калкты социалдык тейлөө, медициналык-социалдык экспертизаны реформалоо, инклюзивдик билим берүү жана инфратүзүм жеткиликтүүлүгү артыкчылыктуу милдеттери турат», - деп кошумчалады Алтынай Өмүрбекова.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев бүт планды ишке ашыруу оңой эместигин айтып, артыкчылыктуу учурларга токтолууну жана документти баскыч-баскычы менен ишке ашырууну сунуштады.
«Биздин башкы милдет – иш-аракеттер программасын кабыл алып коюу гана эмес, Конвенциянын иштеп кетүүсү», - деп эсептейт Дастан Бекешев.
Жыйындын катышуучулары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер менен иштеген адистердин жетишсиздиги, саламаттык маселелерин эрте аныктоо прграммаларынын жоктугу, эрте кийлигишүү маселелерине көңүл бурушуп, коммуникациялык стратегия иштеп чыгуу, Конвенциянын ченемдери жөнүндө кеңири маалыматтык кампания жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.
Жолугушуунун катышуучулары Конвенциянын ченемдерин ишке ашырууга мониторинг жасай турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу туруктуу координациялык кеңешти түзүүнү сунушташты.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча артыкчылыктарды аныктоо менен Биринчи кезектеги чаралардын планын толук иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун ишке ашуу мөөнөтүн кайра карап чыгуу чечимин кабыл алышты.
Белгилүү болгондой, БУУ Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынынмыйзамына Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жылдын 14-мартында кол койгон.
Конвенциянын алкагында негизги иш ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди абилитация жана реабилитациялоо кызматтары менен камсыздоого, алардын арасында өмүрдүн узактуулугун жогорулатууга жана майыптуулуктун алдын алууга , медициналык жана социалдык жардам көрсөтүүгө, билим алуу, сот адилеттүүлүгүнүн, эмгектин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, бир жерден башка жакка жылуу эркиндигин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында жеткиликтүү универсалдуу жасалга чөйрөсүнүн камсыздоого багытталат.
Ведомстволор аралык жумушчу топ Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине:
- 1-июлга чейин 2019-2022-жылдарга карата майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча Биринчи кезектеги чаралардын планынын долбоорун;
- 20-августка чейин майыптарды коомдук жашоонун ар түрдүү тармактарында кодулоону четтетүүгө жана республиканын шаарларында, райондорунда жана айылдарында жеткиликтүү инфратүзүмдөрдү түзүүгө багытталган «Жеткиликтүү өлкө» Программасынын долбоорун иштеп чыгып, киргизсин.
[su_carousel source="media: 133888,133886,133887,133889,133890" limit="16" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү