16

Апрель

2019

Медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасы «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында түшүп жаткан айыппулдардын эсебинен жакшыртылат

Медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасы «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында түшүп жаткан айыппулдардын эсебинен жакшыртылат.

Тийиштүү чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө» жыйынынын соңунда кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагындагы аппараттык-программалык комплекстерди пайдалануу аркылуу белгиленген Жол кыймылы эрежесин бузуулар үчүн алынган айыппулдун суммасынан медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын камсыздоо үчүн финансы каражаттарын бөлүү маселесин карап чыгуусу тапшырылган.

Тийиштүү мамлекеттик органдар эки жумалык мөөнөттө аталган маселе боюнча өз сунуштарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүүсү зарыл.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү