07

Август

2020

Медициналык каражаттарды жана жабдууларды ташуу боюнча алгоритм иштелип чыкты

Жеке жана юридикалык жажактардын медициналык мекемелерге жана калкка кайтарымсыз жардам көрсөтүү максатында медициналык каражаттарды жана жабдууларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүсү боюнча алгоритм иштелип чыкты. 

Экономика министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте үчүнчү мамлекеттерден жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген медициналык буюмдарды жана жабдууларды каттоо боюнча баскычтуу алгоритм иштеп чыкты.

Көрсөтүлгөн алгоритмде ЕАЭБдин Бажы кодексинин 253-беренесине ылайык,  атайын бажы жол-жобосу боюнча медициналык багыттагы буюмдарды жана жабдууларды (өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттар, пульсоксиметрлер, кычкылтек концентраторлору,   жеке коргоо каражаттары) ташып келүү боюнча каралган. Иштелип чыккан тартипке ылайык медициналык каражаттарга жана жабдууларга бажы алымы алынбайт жана кошумча нарк салыгы салынбайт.

Белгилей кетсек, Жеке жана юридикалык жажактардын медициналык мекемелерге жана калкка кайтарымсыз жардам көрсөтүү максатында медициналык каражаттарды жана жабдууларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүсү боюнча алгоритм өзгөчө кырдаалдар режими маалында күчүндө болот.