05

Декабрь

2013

Бүгүн, 4-декабрда, Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевге Балыкчы шаардык кеңешинин  депутаттарына Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообековго ишеним көрсөтүү маселесин карап чыгуу сунушу менен кайрылууну тапшырды.

 Эске салсак, КСДП партиясынын мүчөсү Мирлан Бообековго Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 304-берененин 2-бөлүмү, 305-берененин 1 жана 307-берененин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон. Ага карата өлкөдөн чыкпоо жөнүндө баш коргоо чарасы колдонулган.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевдин  буйругуна ылайык, Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообеков тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткан учурда ээлеген кызматынан четтетилди.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү