05

Март

2015

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев “Министр байланышта” акциясына катышат

Эртең, 6-мартта, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында өткөрүлүп жаткан “Министр байланышта” акциясына катышат. Акция алкагында Ош шаарынын башчысы ЖМК өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, анда 2014-жыл жыйынтыгы жана 2015-жылга карата милдет-пландар тууралуу кеңири баяндап берет. Графикке ылайык, саат 9.00 А.Кадырбаев «Биринчи радионун» “Күндүн темасы” программасына катышып, алып баруучунун жана радио угармандардын суроолоруна жооп берет. Түз байланыштын номурлары: (0-312) 39-21-90, 65-66-04. Андан соң саат 11.00дө ал «Кабар» маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынына катышат. Ошол эле күнү Ош шаарынын мэри «Вечерний Бишкек» маалыматтык агенттигине маек куруп берет. Акциянын жыйынтыгында А.Кадырбаев ЭлТР программасынын коногу катары катышмакчы .

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү