21

Ноябрь

2014

КР Өкмөтүнүн ведомство аралык иштиктүү тобу КР калкын социалдык жактан коргоону өнүктүрүү программасын бекитти

Бүгүн, 21-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариеванын төрагалыгы астында 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан коргоону өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча ведомство аралык иштиктүү топтун жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө ведомство аралык иштиктүү топтун мүчөлөрү КР социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев тарабынан сунушталган КР калкын социалдык жактан коргоону өнүктүрүү программасына ведомство аралык иштиктүү топтун мүчөлөрү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизди. Жыйын катышуучулары кепилденген минималдык киреше деңгээлин жогорулатуу мөөнөтү боюнча позицияларын карап чыгуунун, кары-картаңдарга, мигранттарга көмөк көрсөтүү керектигин, ошондой эле так жана өлчөнүүчү индикаторлордун зарылдыгын белгилешти. Жыйын жүрүшүндө программаны каржылоо маселеси көтөрүлдү.

Ведомство аралык иштиктүү топтун жыйынынын соңунда 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан коргоону өнүктүрүү программасынын долбоорун сын-пикирлерди эске алуу менен жактыруу жана Программа долбоорун жана Иш-чаралар планынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү