24
Апрель
2020
Миң-Куш айылына Өкмөттөн жардам
Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын тургундарына Кыргыз Өкмөтү тарабынан азык-түлүктөн жардам берилди.
Тактап айтканда, Өкмөт тарабынан бөлүнгөн 328 миң сом каражатка Миң-Куш айылындагы 411 үй-бүлөнүн ар бирине 800 сомдун тамак-ашы толтурулган баштыктар таратылды.
Аманатты жеринде жеткирүү ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов катышып, даректүүлүгүн көзөмөлгө алууда.