14
Октябрь
2014
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министрлиги НУА долбоорун коомдук талкууга алып чыгат
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому
2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына карата орто мөөнөттүү тарифтик саясатты бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын энергетикалык тармагынын туруктуу өнүгүүсү жана ишенимдүү иш алып баруусу үчүн, ошондой эле электр энергиясынын тартыштыгын жабуу жана энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Орто мөөнөттүү тарифтик саясатты бекитүү: -1-тиркемеге ылайык, 2014-2017-жылдарга электр энергиясына карата, - 2-тиркемеге ылайык, 2014-2017-жылдарга жылуулук энергиясына карата. 2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министрлиги тийиштүү тартипте акыркы керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергиясына карата тарифтерди бекитүүсү. 3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги, Социалдык фонду, Финансы министрлиги жана өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына карата орто мөөнөттүү тарифтик саясатты ишке ашырууга байланыштуу калктын аз камсыздалган катмарын жана пенсионерлерди социалдык жактан коргоо тууралу тийиштүү сунуштарды бекитилген тартипте киргизүүсү. 4. “2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына карата орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 336-токтому күчүн жоготту деп табылсын. 5. Аталган токтомду көзөмөлдөө жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр-жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казнасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. 6. Аталган токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөн соң күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.К.Оторбаев Сын-пикир жана сунуштарды төмөнкү дарекке жөнөтүңүздөр: 1. Ишеналиев Азат Азимбекович – КР Энергетика жана өнөр-жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамдепартаменттин тарифти, бааны жөнгө салуу жана комплекстүү талдоо бөлүм начальнигинин м.а. Телефон: 0 (312) 56 29 16, 0 (543) 92 36 14. Электрондук почта:aza1480@mail.ru 2. Ким Евгений Александрович – КР Энергетика жана өнөр-жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамдепартаменттин административдик жана нормативдик-укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси. Телефон: 0 (312) 56 28 77, 0 (772) 00 83 93. Электрондук почта: ekim1203@gmail.com.