24
Сентябрь
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Министр байланышта” акциясына катышат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык өкмөт” саясатынын алкагында, 25-сентябрда, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Министр байланышта” акциясына катышат.
Маданият, маалымат жана туризм министринин кызматтык орду бош болгондугуна байланыштуу министрдин орун басары, туризм департаментинин директору Максат Чакиев ЖМКга министрликтин пландары, аткарган иштери тууралуу маалымдап, жарандардан түшкөн суроолорго жооп берет.
Максат Чакиев саат 09:00 Биринчи Радионун түз обосунда «Туризм Кыргызстандагы экономика түзүүчү тармак катары: көрүлүп жаткан чарлар жана өнүгүү келечеги» темасында сүйлөп жана радиоугуучулардын суроолоруна жооп берет.
“Кабар” маалымат агенттигинде саат 10:00 “Маданият, искусство, маалымат жана туризмди өнүктүрүү боюнча чаралар» темасында басма сөз жыйыны өтүп, ага министрлик өкүлдөрү, тийиштүү эксперттер жана адистер катышат.
Саат 16:00 КР маданият министрлигинин жыйындар залында “Жарандык сектордун Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен өз-ара аракеттешүүсү” темасында тегерек стөл өтөт.
Ошондой эле министрликтин өкүлдөрү “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана” жана “Вечерний Бишкек” гезиттерине интервью беришет.
Бул күнү министрдин биринчи орун басары Акимбек Текешов Баткен облусунда өтүүчү КР ЖК билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйынына катышат. Мындан тышкары, министрлик өкүлү, маданий-тарыхый мурас боюнча эксперт Тамара Обозова Кара–Кулжа райондук китепканасынын иши менен таанышат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү