13

Май

2015

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов селден келип түшкөн зыянды аныктоо максатында Талас облусуна жөнөп кетти

Бүгүн, 13-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Талас облусуна жөнөп кетти. Белгилесек, 2015-жылдын 12-майында болжол менен саат 17.30 Кара-Коо жана Чанды жергесинде нөшөрлөп жааган жаандан соң, сел пайда болуп, жакын арада жайгашкан калктуу пункттарга зыян келтирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, 118 турак-жай иликтенип, анын 71ин суу каптап, 4 үй авариялык абалда деп табылып, бир сарай кулап калгандыгы жана 10 жер төлөгө суу толгондугу аныкталган. Учурда жер төлөлөр суудан тазаланып, кырсык болгон жерде эксковатор иш алып барууда жана каналдын бузулган жээгинин 50 м аралыгы оңдолду, калыбына келтирүү иштери улантылууда. Жергиликтүү тургундардын күчү аркылуу кошумча тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү