14
Март
2012
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов КР Энергетика жана өнөр жай министри Шадиев Аскарбек Алимбаевичтин КР Башкы прокуратурасы козгогон №150-12-11 кылмыш иши боюнча тергөө мезгилинде ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө арызын канааттандырды.
КР Энергетика жана өнөр жай министринин милдетин убактылуу аткаруу КР Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Калмамбетов Автандил Исмаиловичке жүктөлдү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү