18
Март
2015
Финансы министри Ольга Лаврова “Министр байланышта” акциясына катышат
Эртең, 19-мартта, Кыргыз Республикасынын финансы министри Ольга Лаврова “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында өтүп жаткан “Министр байланышта” акциясына катышат.
Акция учурунда Финмин жетекчиси ЖМК өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрөт, анда бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана 2015-жылга министрликтин пландары туурасында айтып берет.
Акция саат 9.00дө Ольга Лаврованын «Биринчи радионун» түз обосуна катышып, радио угармандардын суроолоруна жооп берүүсү менен башталат. Андан соң, саат 11.30да министр «Кабар» маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынына катышат. Иш-чаранын негизги темасы катары үстүбүздөгү жылдын бюджетинин аткарылышы жана бөлүштүрүлүшү эсептелет.
Күндүн экинчи жарымында Ольга Лаврова «ЭлТР» телеканалына интервью берет. Акция алкагында министрдин «Слово Кыргызстана», «Российская газета» жана «Кабар» КУМА журналисттери менен жолугушуусу өтөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү