16
Март
2015
Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов “Министр байланышта» акциясына катышат
Эртең, 17-мартта, КР транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановдун катышуусунда “Министр байланышта» акциясы өтөт.
Акция алкагында министр ЖМК жана жарандык коомчулук өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрөт, анда ал өткөн жылкы жасалган иштердин жыйынтыгы жана 2015-жылга карата милдеттенмелери туурасында кеңири айтып берет.
Акция саат 9.00дө башталып, Калыкбек Султанов «Биринчи радионун» түз обосуна катышат. Андан соң саат 11.00дө ведомство жетекчиси «Кабар» маалымат агенттигинде басма сөз жыйынын өткөрөт.
Графикке ылайык, күнү бою Калыкбек Султанов «Слово Кыргызстана» гезитине маек куруп, КТРК журналисттери менен жолугушуп, анда Кытай-Кыргызстан темир жолунун курулушу тууралуу айтып берет. Андан соң “Вечерний Бишкек» гезитинде министрликтин негизги иш багыттары туурасында талкуу өтөт.
Саат 21.25 министр Бишкек-Ош телекөпүрөсүнө катышып, анда сөз инвеситтициялык долбоорлордун эсебинен реабилитацияланчу жолдор жана республикалык бюджет эсебинен жаңы жолдордун курулушу тууралуу жүрөт. Видеоматериалдар ЭлТР каналындагы «Кун маек» телеберүүсүнүн алкагында да көрсөтүлөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү