12

Март

2015

Ички иштер министри “Министр байланышта” акциясына катышты

Бүгүн, 11-мартта, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги министр Мелис Турганбаевдин жетекчилигинде “Министр байланышта” акциясына катышты, ал 11-12-мартта өтүп, эки күнгө созулат. Акция алкагында министр «Биринчи радионун» түз обосунда угармандардын суроолоруна жооп берди. Анда коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, борбордогу автоунаалардын эреже бузуулар менен токтошу, ЖКК мыйзамсыз иш-аракеттери, мүлккө кол салуу, ошондой эле ички иштер органдарындагы коррупция маселесине тийиштүү суроолор берилди. Графикке ылайык, министрлик башчысы «Кабар» маалымат агенттигинде ведомствого караштуу мекеме жетекчилеринин катышуусунда “2014-жылкы жана 2015-жылдын 2 айындагы ыкчам-кызматтык ишкердүүлүк жыйынтыгы” темасында кеңири басма сөз жыйынын өткөрдү. Иш-чарага 24 ЖМК 30 ашуун журналисти катышкан. ЖМК өкүлдөрүн коомдук тартипти сактоо, коомдо орун алган чуулгандуу окуяларды иликтөөнүн жүрүшү, “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылышы, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, ачылган кылмыштуулуктун статистикасы жана сапаты тууралуу суроолор кызыктырды. Журналисттер берилген суроолорго так жооп алышты. Бүгүн, 11-мартта, саат 20.00 КТРК каналынын «Ой Ордо» программасынын түз обосу чыгарылат жана ал “ЖКК коомчулук менен өз-ара аракеттешүүсү” темасына арналат. Ток-шоуга КР ИИМ Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги Ы. Саркулов катышат. Ошондой эле 12-мартка карата бир катар иш-чаралар пландаштырылган, алардын арасында ведомство башчысы М. Турганбаев Талас шаарында өтүүчү “Милиция эл кызыкчылыгын коргойт” форумуна катышат, мындан тышкары министрлик өкүлдөрү Кыргызстандагы спайстын жайылышы темасына арналган телеберүүгө катышмакчы.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү