15

Февраль

2019

Министрлик жана ведомстволордун айрым жетекчилерине сөгүш жана эскертүүлөр берилди

Кыргыз Республикасынын министрлик жана ведомстволорунун айрым жетекчилерине сөгүш жана эскертүүлөр жарыяланды. Тиешелүү сунуш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жыйынтыгы боюнча киргизилди.

Тейлеген багыттары боюнча жетишсиз иши жана 2018-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планынын пункттарын тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн:

- Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратовго

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага

- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору Адилбеку уулу Шумкарбекке

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбековага

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге сөгүш жарыяланды.

Тейлеген багыттары боюнча жетишсиз иши жана 2018-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планынын пункттарын тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн:

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушевге

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжановго

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасы Марат Калиевге

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго эскертүү берилди.

[su_carousel source="media: 129427,129399,129390,129397,129412,129394,129395" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү