22
Февраль
Министрликтердин жана административдик ведомстволордун айрым жетекчилерине эскертүү берилди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө эскертүү жарыяланды:
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушевге
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжановго
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү